Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 20:20
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Курултайдын күнгөй-тескейи, же көч бара-бара түзөлөбү?

27.12.2023 10:11
3311
Курултайдын күнгөй-тескейи, же көч бара-бара түзөлөбү?


Өткөн жума этегинде эки күндүк элдик курултай өттү. Кайдыгер болбогон кыргыз коомчулугу жүзүн буруп, келген делегаттардан конструктивдүү сунуш-пикирлерди угуп, ажого суроо узатып, анын жоопторуна кулак төшөштү. “Той болду, тойдун эртеси да болду” дегендей, курултайдын өтүшүндөгү жагдайлардан коомдук ишмерлердин ойлорун угуп көрдүк.


Алмазбек Акматалиев, коомдук ишмер:


- Курултай биринчи жолу атайын мыйзам кабыл алынгандан соң өттү. Курултайдын маанисин бир жагдайдан көрсөк болот: эки күн кечке президент бүт өкмөт мүчөлөрү менен, спикер, Жогорку соттун төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, башкы прокурор, облус жетекчилери курултайда отурушуп, делегаттардын сунуш-пикирлерин угуп чыгышты. Бул жакшы жышаан! Элдин өкүлдөрүн бийлик сыйлаарын, алардын пикири маанилүү экенин тастыкташты. Ал аз келгенсип, президент 1,5 саат бүт суроолорго жеке өзү жооп берип, ошол эле жерден өкмөткө тапшырма берип жатты. Делегаттарды өзүнчө бүт министрлер кабыл алышты. Ар бир делегаттын сунушу көз жаздымда калбай, эске алынып, алар боюнча министрлер кабинетинин атайын иш-чарасы бекилмей болду. Башкача айтканда, бийлик менен элдин ортосундагы түз баарлашуу болду. 


Дагы бир маанилүү факт, курултайдын алдында ЖК спикери да сүйлөп, жалпы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Бул да сонун жышаан! Кыскасы, курултай бийик деңгээлде уюштурулуп, даярдык жакшы болуптур. Албетте, сырттан караган кишиге айтылган маселелер майда көрүнөт, бирок ошол айыл, шаар үчүн, алардын жашоочуларына майда маселе эмес. Бара-бара курултай өз ордун табарына эч шек жок. Келечекте көйгөйлүү маселелер каралып, улуттук маанидеги чечимдер да кабыл алынат.


Руханий Конституцияны кабыл алыш керек. Бул негизги улуттук идеологиялык документ болуп калат. Мүмкүн, бир жылда бир гана тармакты алып, тек гана ошого арналган талкуу болсо жакшы болот беле? Мисалы, билим, медицина, дин сыяктуу маселелер. Кыскасы, “курултай керек, кереги жок” деген риторикалык маселе чечилди! Конституциялык институт катары мындан ары да өз ишин алып бармай болду. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” демекчи, жапатырмак көтөргөн жүк жеңил болот!


Бейшенбек Абдразаков, коомдук ишмер:


- Бу жолку курултай өзүнүн ырааттуулугу менен өзгөчөлөндү. Мурунку курултайда ар бир айылдан эки киши келип алып, бири-бири менен микрофон талашкан учурлар болду эле. Ошол эле делегаттар айылындагы жер, суу, мектеп, бала бакча, жол, жайыт маселелерин көтөрүп келишкен. Бу жолу деле ошолор кайталанды. Жок дегенде мамлекеттик деңгээлдеги, президент чече турган чоң-чоң көйгөйлөр айтылса болот эле. Мисалы, улутту кантип сактап калсак болот? Мамлекетти, тилибизди, дилибизди өнүктүрө алабызбы? Ушундай олтуттуу маселелер көтөрүлсө жакшы болмок. Бул жолку курултайда бир маселе чечилбей калды. Конституциялык элдик курултай жөнүндө мыйзамга алымча-кошумча кириш керек эле. Көп деле эмес, үч эле пункт болчу. Жазып, баарына таркаткам. ЖК депутаттары “колу-бутун” кесип, бир күндүк кылып койбодубу. Ошондо курултайдын делегаттарын үч жылга шайлаш керек болчу. Анан жергиликтүү курултайларды ордуна орнотуу кажет эле. Анан жанагы 17 кишинин 7 адамын секретариат кылып шайлап койсо, баары өз орду менен болмок. Башка эч нерсенин кереги жок болчу. Албетте, булар айтылды, бирок ар кимиси ар кай жактан айтпай, бир эле адам үчөөнү тең айтып, баарын түшүндүрүп, добушка салып, 700 делегат колдоп берип, анан резолюцияга киргизип, “Жогорку Кеңешке жиберилсин” деп чечип койгондо иш бүтүп калат эле. Анткени, курултай жөнүндө мыйзамда: “Жогорку Кеңешке мыйзамдын долбоору курултайда кабыл алынгандан кийин гана жиберилет” деп жазылып турат. Эми бир эле үмүт –   президент Садыр Нургожоевичте. Өзү да өткөндө “курултайдын фундаменти куюлду, эми пайдубалын тургузуп, чатырын жабабыз” деп айтты эле. Ушу киши ЖКга өз атынан сунуш киргизип, иш жүзүнө ашырып, эмдиги жылга кам көрүп койсо болот да.


Болот Исаев, I курултайдын делегаты: 


- Ошентип, элдик курултай өзүнүн тарыхында биринчи жолу конституциялык мыйзамдын иретинде өттү. Курултайда чыгып сүйлөгөн 130дан ашык делегаттар негизинен айыл жериндеги калктын социалдык тармактарындагы көйгөйлөргө, бала бакчалардын, мектептердин жетишсиздиги, имараттарынын эскилиги, айрым жол каттамдарынын талапка жооп бербестигине басым жасашты. Экономикалык багыттары боюнча айыл чарба азык-түлүктөрүн иштетүү, логистикалык борборлорду куруу, сугат тармагын өнүктүрүү, айрыкча миграцияга кетип жаткан жаштарды айылында калтыруу максатында үй салып алуу үчүн жер участокторун бөлүп берүүнү чечүү, ипотека маселесин дагы жөнөкөйлөштүрүү жана көлөмүн көбөйтүү иштери ж.б. көйгөйлөргө токтолушту.


Албетте, элдик курултайдын өтүшүндө айрым бир чаралар эске алынса болмок. Мисалы, курултайда чыгып сүйлөгөн делегаттарга үч гана мүнөттөн убакыт берилгендиктен, талкуулоого катышкан делегаттардын 80 пайыздан ашыгы ой-пикирин, сунуштарын толук айта албай калышты. Демек, курултайдын максаты делегаттардын ой-пикирин, сунуштарын толук угуу эмес, чыгып сүйлөгөндөрдүн саны   (көптүгү) башкы маселе катары каралса керек деген ойго келет экенсиң.


Конституцияга ылайык, элдик курултай учурунда делегаттардын кеңешүүгө, байкоо жүргүзүүгө карата кандай чаралар көрүлдү жана кандай шарттар түзүлдү, курултайдын ыйгарым укуктарды аткарууда жол-жоболорду уюштуруу зарыл беле? Ушундай суроолор ачык бойдон калууда. Коомдун өнүгүүсү саясый, экономикалык жана социалдык багыттардан турарын эске алып, айыл чарба, өнөр жай, медицина, билим берүү, маданият жана башка да тармактар боюнча делегаттарды секцияларга бөлүштүрүп, ар бир секцияга ошол тармактардын министрлерин, адистердин, илимий кызматчылардын катышуусунда аянтча түзүп, өз-өзүнчө кеңири талкуу жүргүзүп, өлкөнүн өнүүгүү багыттары боюнча такталган жана аткарууга мүмкүн болгон сунуштарды даярдоо менен аларды курултайдын бекитүүсүнө камтуу менен жүргүзүлсө туура болмок. Конституциядагы кеңешүүчү, байкоочулук жана сунуштоочу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга шарттар да түзүлмөк. Мындай алкакта курултайда чыгып сүйлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү зарылчылгы да келип чыкмак эмес. Экинчиден, “делегаттардын президентке көгөйлөрүн гана сунуштаган жыйын болуп калды” деген кайчы пикирлер жаралмак эмес. 


Делегаттардын, элдик курултайдын, улуттук кеңештин мөөнөттөрү, ыйгарым укуктары жана башка да бир катар маселелер боюнча элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамга өзгөтүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу маселе жигердүү көтөрүлгөнүнө карабастан, ага талкуу жасоого анча деле маани берилбеген маанай жаралды. Бул маселеде делегаттардын сунуштарын угуу, такташтыруу жана зарылчылыктарына ынануу ашыкча болмок эмес. Анткени, элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзам – анын келечектеги тагдырын, коомчулуктагы ордун жана ролун аныктоочу, ченемдик-укуктук акт экендигин унутта калтырбашыбыз керек.


Макен Чекиров, курултайдын делегаты:


- Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды курултайды мыйзамдуу тааныган алгачкы мамлекеттердин бири катары айтсак болот. Кайсы бир деңгээлде цивилдүү, тартипке, системага түшкөн, эки күн ичинде көп маселени ичине камтыган чоң жыйын болду. Демократияга багыт алган биздин өлкөдө эл баарын ачык-айкын айтып атты, эч бир чек коюлган жок. Мейли саясый өңүттө болсун, же экономикалык, социалдык ж.б. багытта болсун. Ким эмнени кааласа, ар бир делегат ээн-эркин сүйлөдү. Курултайда ар тармактын министрлери катышып аткан соң, эки күндүн ичинде делегаттардын 300дөн ашууну тикелей барып, маселелерин жеринде айтып, ошол эле учурда кайсы аралыкта чечилерин билишти. Бу да болсо жакшы жышаан. Курултайдын сайты ачылды. Ал жерде баардык маалыматтар камтылып, коомго таркап турат.


Ал эми көзгө одоно урунган жактарына токтоло турган болсок, эң ириде делегаттардын президентке кайрылуу жактары майдалануу, өз айылы же району менен гана чектелген көйгөйлөрдү айткандары болду. Президент делегаттардан масштабдуу, өлкө тагдырына, улуттук нарк-насил, геосаясат, коңшу мамлекеттер аралык алака, мамиле тууралуу глобалдуу сунуштарды, ой толгоолорду күткөн. Сунуш демекчи, курултайга келген делегаттардын ичинен бирөөсү “курултайдын атайын гезити болсо, коомду маалымат менен камсыздоо, курултайдын айланасында жасалып жаткан иштер чагылдырып турса жакшы болмок” дегени жеке мага жакты жана колдоого алынып кетсе жаман болбос эле... 


Кубан Дүйшеев, курултайды негиздөөчүлөрүнүн бири:


- Курултай – ата-бабалардан калган мурас. Ушул багыт менен биздин жашап жаткан элибизди, жерибизди сактап келишкен. Эгемендик алган алгачкы жылдары СССР урап, кайсы багытка бет алабыз, кимдин этегине намаз окуйбуз, кайсы идеологияны тутунабыз (?) деген суроо кыргыздын патриотторунун жүрөктөрүн өйүп келген. Кайнадык, бөксөрүп кете жаздадык. Чайпалдык, төгүлүп кете жаздадык. Кыргыз коомчулугу ар тарапка бөлүндү. Америка, Европа, Россия, Түркия, Арабия ж.б. биздин ата-бабалардын каада-салтын, үрп-адатын караманча чанып баштабадыкпы. Мына ошондо курултай эске түштү. Жеке мен курултайдын идеясын колдоп, жан үрөп келгениме эле 20 жылга жакындады. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, курултайыбыз биздин Башмыйзамдын негизинде биринчи жолу өттү. Эми “көч бара-бара түзөлөт” демекчимин. Үзүлгөнүбүздү улантып кетсек болду. Ооба, биринчи курултайдын делегаты болуп, жасаган аракеттеримдин акыбети кайтса экен (!) деп башымды балка, билегимди казык кыла күнү-түнү тынбай далбас ура иштедим. Ал эми бу жолу менин ал жерде делегат болушума ачыктан-ачык бут тосулду. Мен анысына деле териккен жокмун. Делегат боломбу-болбоймунбу, буга чейин элдик курултай үчүн жасап келген ишимди эч токтотпойм, уланта берем. Башым менен жатат...


Сурат Жылкычиев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн