Аяк оона 08, 2025
Убакыт: 16:15
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.065
1.095

Курулуш компаниялары бузган жолдорун оңдошу керек, - мэр

08.09.2025 09:22
94
Курулуш компаниялары бузган жолдорун оңдошу керек, - мэр


Курулуш компаниялары бузган жолдорун оңдошу керек. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда билдирди.


Муниципалитеттин маалыматына ылайык, күн мурун калаа башчысы Курманжан датка көчөсүндө рейддик кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан бир катар курулуш компаниялары айланасындагы бузган жолдорун оңдоп, асфальт төшөп берүү боюнча ээлери менен сүйлөшүүнү тапшырды.


Анткени алар курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуникациялык тутумдарды алып өтүүдө, курулуш калдыктарын оор жүк ташуучу унаалары менен ташып чыгууда жолду бузуп талкалашкан. 


Мындан улам, пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү экенин мэр эскертти. 

Белгиленгендей, учурда бир гана “Аманат сити” курулуш компаниясы өз эсебинен көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан жердеги Грибоедов көчөсүн толук өз эсебинен жасап жатат. 


"Асранкулов көчөсүндөгү “Эко Хаус, Лермонтов көчөсүндөгү “Сулайман Групп”, Алымкулов көчөсүндөгү “Модерн Стиль” жана “Байкал” курулуш компаниялары бир топ көп кабаттуу турак жайларды куруп жатышат. Алар да бузган жолдорун жасап бериши керек",-деди Токторбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн