Бугу 05, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берген милиционер операцияга муктаж

Күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берген милиционер операцияга муктаж


Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берген милиционерлердин бирине кымбат операция жасалышы керек. Бул тууралуу Нура Анаркулова аттуу колдонуучу Facebook баракчасына билдирди.


Ал Орозмамат Акуналиевдин операциясына каражат чогултууга жардам берүү өтүнүчү менен кыргызстандыктарга кайрылды:


  • - «Сбербанка» картасы: 2202205090575314;
  • - MBank: 996773971878;
  • - MBank: 996501538641;
  • - «Элкарт»: 9417188501964978.

Белгилей кетсек, 27-октябрда саат 15:30дар чамасында Бишкек-Ош жолунда түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаа кулап, күйө баштаган. Бул учурда «Хонда CR-V» үлгүсүндөгү унааны Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери 30 жаштагы тергөөчү, милициянын капитаны Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы ыкчам кызматкери, милициянын майору Дилмурат Шамшиев айдап бара жаткан. Алар айдоочуну жүк ташуучу унаадан түшүрүүгө жардам берүү үчүн токтошкон, бирок аягында өздөрү да жарадар болуп, медициналык мекемеге жеткирилген.


1-ноябрда Дилмурат Шамшиевалган жаракатынан улам көз жумган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн