Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 09:45
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Күзөт кызматынын Бишкектеги кызматтык унааларынын абалы текшерилди

17.05.2023 18:16
422
Күзөт кызматынын Бишкектеги кызматтык унааларынын абалы текшерилди


ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полку жана Бишкек шаарындагы түзүм бөлүмдөрүнүн баланстарында турган кызматтык транспорт каражаттары үчүн саптык кароо өткөрүлдү. 


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов транспорт каражаттарынын техникалык абалы, тазалыгы, каптал сызыктарынын жана атайын жарык, үн чыгаруучу түзмөктөрү, тиешелүү жабдуулары, иш-кагаздарынын абалын текшерди. 


Саптык кароодо транспорт каражаттарынын абалы, кызматтык күжүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча бир катар кемчиликтер орун алган. Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.


Мындан сырткары, ИИМдин Күзөт кызматынын аймактардагы түзүм бөлүмдөрү тарабынан жер-жерлерде өз алдынча саптык кароолор өткөрүлдү. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн