Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 14:02
USD
89.40
89.87
EUR
96.60
97.60
RUB
0.962
0.990

Күзөт кызматынын кызматкерлерине адамдын руханий өнүгүшү боюнча лекция өттү

24.05.2023 16:26
295
Күзөт кызматынын кызматкерлерине адамдын руханий өнүгүшү боюнча лекция өттү


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, 2023-жылдын 24-майында КРдин ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахмановдун катышуусунда окуу-лекциясы өткөрүлдү.


ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ведомстолук милиция полкунун командири милициянын полковниги Талант Раимбеков, ИИМдин Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү, “Бакдөөлөт” коомунун өкүлдөрү Муратбек Алыбаев, Эркингүл Иргебаева, ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жаныбек Момуналиев жана полктун өздүк курамы катышты.


“Бакдөөлөт” коомунун мүчөсү Эркингүл Иргебаева “Адамдык милдет” аттуу темасында лекция окуп, адамдын руханий өнүгүүсү боюнча акыл-насааттарын белгилеп өттү. 


Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамга И.Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөздөрүн айтып, таза иштөө, мекен алдындагы милдеттерди так аткара билүүсүн белгилеп, мыйзам жана укук бузууларга жол бербөөнү талап койду.


Андан соң, Күзөт кызматынын жетекчилиги Ведомстволук милиция полкунун административдик имаратындагы иш бөлмөлөрүнүн ондоп-түзөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, мындай сабактар Күзөт кызматынын бардык түзүм бөлүмдөрүндө байма-бай өткөрүлүүдө. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн