Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Лебединовкада уурдалган кыз видеого түшүп калган (видео)

06.05.2021 12:21
969
Лебединовкада уурдалган кыз видеого түшүп калган (видео)

5-май күнү Чүй облусунун Лебединовка айылынан кыз уурдалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 6-майга караган түнү болжол менен саат 02:00 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2001-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда 5-май күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз жарандар Лебединовка айылында жайгашкан соода түйүндөрүнүн биринин алдынан арыз ээсинин эжесин Тайота-Эстима үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка уурдап кеткендигин жазган.


Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кызды уурдап кеткен жарандын аты-жөнү такталган. Учурда милиция кызматкерлери аталган жарандын жашаган жерине жөнөп кетишти. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти Чүй облустук милициясынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн