Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ленин бир мандаттуу округунан шайлоого талапкерлердин дагы бирине иш козголду

01.06.2023 10:30
1667
Ленин бир мандаттуу округунан шайлоого талапкерлердин дагы бирине иш козголду


УКМК тарабынан №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин дагы бири добуш сатып алуу фактысы менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКУнын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, депутаттыкка талапкерлердин добуштарды сатып алуу фактыларына бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Кылмыш- жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.


Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө бир катар тергөө жана сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер “С.У.А.” жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды.


Учурда КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, жыйынтыгында чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн