Бишкек шаарынын Ленин району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Ленин району боюнча салык кызматынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактылары аныкталган. Алар жеке ишкерлер менен жең ичинен кылмыштуу келишимге кирип, мамлекеттик милдеттүү салык төлөмдөрүнөн качууга мүмкүндүк берүүчү коррупциялык механизмдерин иштеп чыгышкан.
"Опузалап пара алуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын башчысы А.Т.Т.га акча каражаттарын өткөрүп берүүнүн бир топ фактылары аныкталган.
Мындан тышкары, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору Ж.Д.нын берген көрсөтмөсүнө ылайык A.T.T. тарабынан мамлекеттик бюджетке салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн азайтып бергендиги үчүн "Т" ЖЧКнын өкүлдөрүнөн 5 миң доллар өлчөмүндө пара алынган.
Жыйынтыгында А.Т.Т. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда салык кызматынын тутумундагы коррупциялык схеманы жоюуга, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн