Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ленин районунда курулуш иштери жана COVID-19 маселеси талкууланды

02.08.2022 09:09
412
Ленин районунда курулуш иштери жана COVID-19 маселеси талкууланды


Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаевдин төрагалыгы астында шаардык, райондук кызматтардын жетекчилери жана райондун МАБдардын башчыларынын катышуусунда пландык жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.


Белгилүү болгондой, жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Ленин райондук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын 2022-жылдын 6 айында Ленин району боюнча аткарылган иштери боюнча отчеттору угулду.


Пландык кеңешменин жыйынтыгы менен борбор калаанын мэриясынын ККБ башчысынын орун басарына жаңы курулуп жаткан мектеп жана бала бакчалардын курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу жана райондун МАБдарынын башчыларына № 1, 2, 9 ҮМБнын директорлору менен биргеликте калк арасында COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөө алуу зарылчылыгы жөнүндө сапаттуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн