Ленин районунун башчысы Чынасыл Чыныбаев Ош базарынын аймагында соода кылган Алмакан эже (социалдык тармактардагы видеолордо столдун үстүнөн түшпөй кыйкырып жаткан эже) менен жолукту. Бул тууралуу акимиаттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Алмакан эже Ленин районун тургуну экени, шаар ичинде туруктуу каттоосу жана өздүгүн аныктоочу документтеринин жоктугу аныкталды.
Район башчысы эжени Ленин районуна туруктуу каттого тургузууга, өздүгүн аныктоочу документтерин алууга жардам берерин жана мындан ары муниципалдык администрация социалдык жактан колдоо көрсөтөрүн билдирип, Ош базарынын ичинен соода орундарын сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн