Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 00:04
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ленин районунун акими көмүрдүн баасын текшерди

19.11.2021 17:12
713
Ленин районунун акими көмүрдүн баасын текшерди

Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев райондук кызматтар менен биргеликте Мурманская көчөсү 1Б дарегиндеги «Беш-Сары» жана Мурманская 306Б дарегиндеги КР Коргоо министрлигине караштуу «Отун базасы» көмүр базаларын текшерди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Белгилей кетсек, бБазаларда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда.


Текшерүүнүн жүрүшүндө базага күн сайын көмүр жеткирилип, ар бир базадан күнүнө 170-180 тоннага жакын көмүр сатылып жатканы аныкталды. Эч кандай ызы-чуу, жыйналган эл жок, кезектин негизинде түзүлгөн тизме боюнча көмүр сатылууда.


Район башчысы отун базаларынын жетекчилери менен калкка көмүрдүн баасын жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн