Ленин районунун экс-акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 27-майга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечим кечээ, 29-мартта кабыл алынган.
Эскерте кетсек, 29-мартта УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчысынын бири кармалганын маалымдаган. Ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн