Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлектиктер башкы врачтын кызматтан алынышына нааразы

29.05.2020 15:10
3212
Лейлектиктер башкы врачтын кызматтан алынышына нааразы



Баткен облусунун Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери оорукана жетекчиси Асан Кожомовдун кызматтан кетишине нараазы болуп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу анын жактоочулары жазган арызында кабарланды.



Кызматкерлер жолдогон кайрылууда жазылгандай, А.Кожомов 2010-жылдан бери аталган оорукананын директору болуп иштеп келет. “Ошол убакыттан тарта жасаган иштерин Лейлек районунун эли жана ушул бейтапканада эмгектенгендер баалашат”, - деп жазылат арызда.



Ошондой эле алар ооруканада бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлүп, инфраструктурасы жаңыланганын белгилешкен. “Кожомовдун 40 жылдык эмгеги эске алынбай жумуштан бошотулганы биздин кызматкерлерди нааразы кылды”, - деп билдиришти алар.



Арызга бейтапкананын 141 кызматкери кол койгон.


Эске салсак, буга чейин оорукананын айрым кызматкерлери Кожомовдун жана бейтапкананын башкы мээрбаны Сайрагүл Асатованын үстүнөн арызданып, алардын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Анда алар ооруканада коррупциялык иштер орун алып жатканын, кызматкерлерди негизсиз жумуштан алуу саясаты жүрүп жатканын жана башка жүйөлөрүн айтышкан болчу. 

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Алтынбек
Аман болгулачы адамдар,кандай жаман заман болду екен,сураганды да талайт,Кудай сактасын,Аллага мин кала шугур кылайык .мага жазбай еле койгула ответинерди аман болгула
Аяна
Алтынбек сен оз пикиринди жаз менин пикириме кийлигишпе мен чындыкты жаздым .Сен эмнени билмек элек
Толгонай
Аяны, мынча кириштин, проблеман болсо пряма звандап решать етпейсин би, койгусу келген койот, сурот эски би жаны бы какая разница, же детектив бисин, Алтынбек ойуну айтса затыкать этесин да
Мира
Мен ишенбейм.Бул точно гл.врачтын менен Асатова Сайрагул экообунун кылган иши.Адамдын жузу ысыкта кел кол коюп бер десе коюп коетта .кээ бирлер бар барибир аларга .мисалы арызданган 4 аялды деле кысымга албаганда А.Кожомов олгучо деле иштей бермекта .подпистер,кол жазмалар жасалма экендиги явно корунуп билинип эле туратко
Алымкан
Болбогон соз эч ким Асанды калсын деп суранган эмес бул суроттогу врачтардын жарымы жок азыр иштебей кол койгон боюнча болсо жалган эч ким койгон эмес жалган мунун баары
Аяна
Уюштуруп чыгыптырда бул суроттогу коп врачтарды главрач иштен кетирген
Алтынбек
Сени да кетиргенби?
Жаныш
Эч нерсени билбегенден кийин сен аралашпа Алтынбек