Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:59
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда

12.05.2020 16:50
13339
Лейлек аймактык ооруканасынын кызматкерлери жетекчини кызматтан алууну талап кылууда


Баткен облусунун Лейлек райондук аймактык ооруканасынын кызматкерлери президент Сооронбай Жээнбековго, баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго кайрылуу жолдошту.


Алар өз арызында оорукананын директору А.К.Кожомов тарабынан кысымга алынып, укуктары тепселип жатканын айтып нааразы болушкан.


Кызматкерлердин айтымдарында, директор жумушка кабыл алууну бизнеске айландырып алган. Штаттан тышкары ашыкча ишке кабыл алууда жана бөлүмдөрдө 4,5 ставкада 14-15ке чейин адистер иштейт.


Жумушка орношкондор башкы мээрбан Асатова Сайрагүл тарабынан 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча берип ишке киришет. Кээ бирлери директордун өзүнө акча бергенин айтышат. Он жылдан бери иштеп келгендиктен оорукананын буюмдарын өз менчигиндей урунат. Оорукананын айланасындагы теректерди 5000 сомдон сатып, 1000 сомдон деп кириштеген. Септиктин мотору, трансформатордун мотору, моргго келген движок жоголгон, ушулардын бардыгы иликтениши керек”, - деп жазылат арызда.


Ошондой эле тендерлер мыйзамсыз өткөрүлөрүн, декретке кеткендердин үстүнөн айлык жаздырып алаарын, бир катар кызматкерлер иштен себепсиз алынганын жана пенсияга чыккандарды кысымга алып жатканын белгилешкен.


Мындан тышкары башкы мээрбан С.Асатова тарабынан кызматкерлерден эсеби, отчету жок акча чогултуулар болуп турганын айтып, категория тапшырууга 10-20 миң сомдон акча берип, сүйлөшүп өткөрүп турарын билдиришти.  


Мындан улам алар жалпы жамаатты түшүнгөн башка жетекчи дайындап берүүсүн суранып, ушундай шартта жетекчиси жана башкы мээрбан С.И.Асатова менен иштеше албай турганын билдиришкен.


Арызга 4 кызматкер кол койгон.

Пикирлер (26)

Коопсуздук коду
Ошол рай больницага Асатова келип зынк 40кундо бардык системаны ондоп койдуго шахмары чыгып оорукана антисанитария кейпин кийген эле азыр барсан бут уставга жооп бере турган денгеелде Асатова иш чараларын оз милдетин анча мынча жогорудагы саясатчылардан так жана айкын алып барат
Асатова келип ошол оорукананы ажаатын ачып койдуго антисанитария кейпин кийип калган эле азр барсан бут талаптарга жооп берет кабинетинде отурганын корбодук ар бир отделениеге тымбай каттап текшерип жай жайына коюп анча мынча жетекчилерден саясатчылардан тагыраак жана айкын иш алып барат
Алмаз
Бул жерде эч кандай шайлоонун тиешеси жок,бул заказда эмес,4 ишкер оздорунун укуктары тебеленгенинен демилге которуп,тиешелуу жерлерге кайрылуу жасаган,булар чындык учун курошуп жатышат,10ж бизнес кылды главрач ордун бошотушу керек!Ак таза,элим жерим деп куйгон мыкты адис керек Лейлек ооруканасына.
Кыял
Сага окшогонбу,билип билбей суйлогонбу,же сен дагы подставной адамысында чондордун,Аллах коруп турат,кайтар дунуедо жашайбыз,мен да ушу больницада 20жылдан бери Мээебан болуп иштейм,арыз жазгандарды баардыгыбыз жакшы билебиз конфликтуу аялдар оздору,ечкимге жашоо бербечуу,оздорунун шалаеалыгына кетишкен,ошолордон сурасанар емнеге кеткен,билип билбей жаза бербей
Бек
Бул ачуу чындык коррупция онугуп орчуп кеткен,главрач оз каалоосу менен арызын жазып,ордун бошотуусу керек,10ж байлыкты топтоп бутту,жумушка кирген ар бир медиктен акча ала берип,бошотсун жаш муундар да иштесин!
Айкүн
Кетсин!Акча алганы чындык...
Исфаналык
Коррупция анык бар экени корунуп турат
Лейлектик
Коррупция онугуп-орчуп кеткен,бактап-шактап,акча берип жумушка киргендер коп ооруканада!