Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:29
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районунда ички иштер бөлүмүнө жаңы көчмө кабылдама тапшырылды

13.04.2022 11:18
369
Лейлек районунда ички иштер бөлүмүнө жаңы көчмө кабылдама тапшырылды

Бүгүн, 13-апрелде Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Баткен облустук ички иштер башкармалыгында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов, ЕККУнун кеңсенин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковтордун катышуусунда милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды.


“Газ 211717” Соболь үлгүсүндөгү милициянын көчмө кабылдамасы Лейлек РИИБне берилип, район аймагынан алыста жашаган жергиликтүү тургундардын көйгөйүн чечүүгө чоң жардам болот.


Мындан сырткары, милиция кызматкерлери үчүн байланыш каражаттарын, оргтехникаларды тапшырды.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн