Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:18
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Лейлек районунда кыргыз-тажик сүйлөшүүсү башталды

13.04.2022 12:12
871
Лейлек районунда кыргыз-тажик сүйлөшүүсү башталды

Кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуу жүрүп жатат.  Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

 

Кечээ, түнкү саат 03:00дөн 03:55ке чейин “Кулунду-авто жол” (КР) жана “Овчи-Калча-авто жол” (РТ) көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өткөн.


Бүгүн 13-апрель күнү саат 11:00дө жолугушуунун экинчи бөлүгү КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен жолугушуусу башталды.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кошумча маалыматтар берилет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн