Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Лейлек районунда ооруканада жаткан адамдын үйүндөгү акчаны окуучулар уурдап кеткен

30.03.2023 16:55
500
Лейлек районунда ооруканада жаткан адамдын үйүндөгү акчаны окуучулар уурдап кеткен

Лейлек районунда жаш балдар тарабынан акча уурдалган. Бул туурасында Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


  Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну ооруканадан дарыланып үйүнө келсе, белгисиз жарандар тарабынан үйүндөгү 40 миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.

     

Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Лейлек РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки өспүрүм балдары аныкталып, кармалды.

      Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн