Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Лейлек районунда сел жүрүп, 200дөй малды агызып кетти

Лейлек районунда сел жүрүп, 200дөй малды агызып кетти

 Лейлек районунун бир канча айылдарында сел жүрдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 19-май күнү саат 17:10дор чамасында катуу жааган жамгырдан Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында, Раззаков шаарынын Тайлан айылында, Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айкөл айылында сел кетүүчү сайлардан сел жүргөн. 


Алдын ала маалымат боюнча, турак жай жана жарандарга кооптуулук жок. Сел өз нугунда агып жатат. 


Ал эми 19:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан Катраң айыл өкмөтүнүн Катраң, Баул айылдарында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, Раззаков-Катраң унаа жолунда таш менен курулган дамбанын 80 метр аралыгын бузуп кеткен. Жол убактылуу жол жабылган. 


Баул айылында сел кетүүчү сайдан келген сел сууларынан болжол менен 200 баш майда малды агызып кеткендиги такталууда.


Жерине Лейлек райондук ӨКМнин башчысы, район акиминин орун басары жана Жол тейлөө ишканасынын башчысы чыгып кетишкен. 


Учурда айыл өкмөтүнүн 1 жүктөгүч жана Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер техника тартылды.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн