Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 06:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Лейлек районунда түндө кароосуз жүргөн балдардын ата-энелерине айып пул салынды

18.11.2022 09:37
304
Лейлек районунда түндө кароосуз жүргөн балдардын ата-энелерине айып пул салынды


2022-жылдын 17-ноябрь күнү Лейлек РИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан окуучулар арасында агай-эжекейлердин катышуусунда тегерек стол өткөрүлүп, милициянын көчмө кабылдамасы менен район аймагында жайгашкан базар, мал базар, билим берүү мекемелеринде профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу.  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү саат 22:00 кийин көчөлөрдө мыйзамдуу өкүлү жок жүргөн жаш өспүрүмдөрдү аныктоо, компьютердик оюндарды ойноочу клубдар, кафелер жана жаш өспүрүмдөр болууга тыюу салынган бир нече жайлар текшерүүгө алынды. 


Иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун алдын алуу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат, 2 материал боюнча тиешелүү бөлүмдөргө чара көрүү максатында жөнөтүлдү. Укук бузган 5 жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74-берененин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн