5-май күнү саат 18:10дор чамасында Лейлек районунун аймагында жаан жаап, Катраң айылынын Шоро, Үч-Булуң тилкелериндеги №13 Жол тейлөө ишканасына караштуу жолдун бир тарабынын 15-20 м аралыгы кум шагылга толгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Коргон айылынын Дам-Арык тилкесинде болжол менен 70 м жолдун аралыгы кум шагылга толгон. Жол каттамы бар.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүү боюнча Лейлек ЖК бөлүмүнүн башчысы капитан К.Убайдуллаев жана район акиминин орун басары А.К.Ташбалтаев баштаган ыкчам топ иш алып барууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн