Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Лейлек районунун тургундары да көчүрүлдү. Чек арадагы абалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Лейлек районунун тургундары да көчүрүлдү. Чек арадагы абалга байланыштуу 11 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Чек арадагы абалга байланыштуу 11 миңден ашык жашоочу эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Баткендеги кырдаалга байланыштуу, соңку маалымат боюнча кооптуу аймактан болжол менен 11052 адам эвакуацияланды. Алардын 10410 коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылды.


Маалыматка ылайык, Баткен районунун Орто-Баз, Жака-Орук, Үч-Дөбө, Ак-Татар а/а, Самаркандек а/а Самаркандек, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынан болжол менен 6000 миңдей тургуну Рават айылына эвакуцияланды.


Лейлек районунун Максат айылынан 400 адам Маргун айылына, Интернационал айылынын 1000дей жаран Кайрагач айылындагыгы мечитке көчүрүлдү.

Ошондой эле, Мурза-Патча айылынын, Сада аймагынан, Ак-Арык айылынан жана И.Раззаков айылындагы жергиликтүү жашоочулар Исфана, Сүлүктүгө эвакуацияланды.


Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын 1000дей жашоочусу Лейлек, Кара-Суу, Ак-Теректеги мечит жана үйлөргө жайгаштырылды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн