Чек арада эң көп жабыркаган Лейлек районунун төрт айылы аткезчиликти көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу активисттер билдирди.
Маалым болгондой, ар бир айылдан экиден киши Максат-Арка жолуна чыгып өткөн унааларды текшерүүдө.
"Биз эл менен кеңешип ушундай чечим кабыл алдык. Аткезчиликти токтотушубуз керек. Намыска келели. Тажикстанга жүк ташыган бизнесмендер убара болбой эле койгула.
Милициянын убагы жок болсо өзүбүз көзөмөлгө алабыз. Биз жөнөкөй элбиз. Элдин талабы бийик",- деди нөөмөттө турган топ.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн