Теке 04, 2024
Убакыт: 03:28
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Лейлекте хирургдар жарадар болгон жарандын башындагы окту алышты (фото)

03.05.2021 17:57
1182
Лейлекте хирургдар жарадар болгон жарандын башындагы окту алышты (фото)

Лейлекте Бишкектен барган хирургдар чек ара аймагындагы башаламандыкта жабырланган жарандын баш сөөгүнөн окту алып салуу боюнча оор операция жасашты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.


Учурда кесиптештери менен биргеликте Баткенге жардам берүү үчүн кеткен Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун (БТжОИИБ) анестезиолог дарыгери Каныбек у. Мирлан билдиргендей, 2021-жылы 2-майда Лейлек ЖДПБсына 30-апрелде чек ара аймагындагы башаламандык учурунда башына жана көкүрөгүнө ок тийген 38 жаштагы бейтап келип түшкөн.


Жабырлануучу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Бишкек шаарынан барган дарыгерлер тобу тарабынан медициналык кароого алынып, консилиумдун жыйынтыгы боюнча денедеги жат бөлүкчөнү (ок) алып салуу боюнча шашылыш операция жасоо чечими кабыл алынган.


Операция Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун нейротравматолог дарыгери Илимбек Манапов жана Улуттук госпиталдын хирург дарыгери Уланбек Ташбаев тарабынан жүргүзүлгөн.

Операция эки саатка жакын созулуп, ийгиликтүү өттү. Азыркы учурда бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн