Бугу 21, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Лейлектеги жол кырсыгынан 30 жана 43 жаштагы адамдар каза болду

Лейлектеги жол кырсыгынан 30 жана 43 жаштагы адамдар каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунда Исфана - Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында Honda Stepwgn жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган Х.А. жана 1978-жылы туулган М.Т. аттуу эки эркек каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.


Жерине Л 3 куткаруучу тартылып, унаада кыпчылып калган адамдын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн