Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 20:20
USD
87.40
87.80
EUR
96.20
97.20
RUB
1.015
1.050

Лимонтинин өлүмү: Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды

18.02.2022 13:24
742
Лимонтинин өлүмү: Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өттү.


Ишти сот Мирлан Термечиков алып барды.


Сот процессинин жүрүшүндө айыпталуучу Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок ага карата мунапыс колдонулган. Ошентип, анын камакта кармалгандыгынын 2 жылын эске алып, жаза мөөнөтү ¼ ге кыскартылып, Шамиев 6 жылга эркинен ажыратылды.


Мындан тышкары, айыпталуучу моралдык чыгым катары жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берет.


Эске салсак, Алмазбек Сулайманов 2020-жылдын мартында Нарында бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. “Лимонти” уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн