Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 15:37
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Литва менен чек арадагы эки өткөрүү пунктунун жабылышынан улам Кыргызстандын 70 жүк ташуучу унаасы токтоп турат

08.09.2023 09:00
397
Литва менен чек арадагы эки өткөрүү пунктунун жабылышынан улам Кыргызстандын 70 жүк ташуучу унаасы токтоп турат


Литванын чек арасында 90дой кыргызстандык жана 70 жүк ташуучу унаа тыгында калганын Кыргызстандын ТИМи кабарлады.


Ага ылайык, беларусь-литва чек арасында унаалардын тыгыны байкалууда. Литва тарапта эки өткөрмө пункту жабылган, ошол эле учурда Беларусь жакта эч кандай чектөө жок.


Эки өлкөнүн чек арасында дагы 4 өткөрүү пункту иштеп жатканы белгилүү болгон.


"Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте мекендештерге зарыл жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатат", — деп айтылат билдирмеде.


ТИМ Литвадан чектөөлөр боюнча маалымат күтүп жатканын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн