Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:55
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

«МЭА» ААКнын үч аэропорту «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды

30.05.2022 15:28
942
«МЭА» ААКнын үч аэропорту «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту» сынагында жеңүүчү деп табылды


Москвада «Заманбап аэропорт» 60-Москва эл аралык конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» аттуу көргөзмөсү болуп өттү, анын алкагында «КМШга мүчө болгон мамлекеттердин мыкты аэропорту» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

«МЭА» ААКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу жана авиация мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу максатында Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Мелдештин катышуучулары отчёттук жылда жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө зор салым кошкондор үчүн уюштуруу комитети тарабынан бааланды. Баардык номинанттар жеңишке жетүү үчүн төрт категория боюнча ат салышкан, алар: «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту», «Жигердүү өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн», «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн», «Динамикалуу өнүккөн аэропорт».

Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү жылына 1 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзгөн аэропорттордун ичинен 2021-жылга карата КМШ өлкөлөрүнүн аэропортторунун арасында «Динамикалуу өнүккөн аэропорт» номинациясы менен «Манас» эл аралык аэропорту жеңүүчү аталды.

Ошондой эле, КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн 2021-жылга карата иштин жыйынтыгы боюнча «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропорттору сынактын «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды.

25-майда иш-чарага катышкан «МЭА» ААКнын инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары Абдумалик Бусурманкулов менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жетекчиси Алмаз Абдрахмановго Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясынын Президенти тарабынан кубок жана Ардак грамоталар тапшырылды.

Маалымат катары:

Жарандык авиациянын Аэропорт ассоциациясы 1990-жылдын 18-декабрында негизделген. Ассоциациянын ишинин максаты болуп КМШга мүчө-өлкөлөрдүн аймагында аэропорттордун кызмат көрсөтүү шартын жакшыртуу, аэропорт комплекстеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, талдоо, иштеп чыгуу жана дүйнөлүк тажрыйбада жетишкендиктерге жетүү болуп саналат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн