Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

ММК: “Ынтымак” фракциясынын депутаттары толук курамы менен АКШга барууну пландоодо

06.06.2023 13:15
279
ММК: “Ынтымак” фракциясынын депутаттары толук курамы менен АКШга барууну пландоодо


Жогорку Кеңештин “Ынтымак” фракциясынын депутаттары толук курамы менен АКШга барат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги ЖК депутаты Балбак Түлөбаевге таянып жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, тогуз эл өкүлүн АКШ өкмөтү түзгөн уюм чакырган.


«NDI (Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук демократиялык институт) бизди тажрыйба алмашуу үчүн Америкага чакырууда. Кудай буюрса, баарына виза берилсе, фракциянын тогуз мүчөсү тең кетет. Азыр так күнү белгисиз, бирок июнь айынын аягында баралы деп жатабыз. Менимче, сапар үч-төрт күнгө созулат, мекендештер менен да жолугабыз», - деген Балбак Түлөбаев.


Ал белгилегендей, бүт үй-бүлө виза алуу үчүн кайрылган.


«NDI бир гана депутаттардын чыгашасын мойнуна аларын, үй-бүлөнүн чыгашасын ар ким өзү чечет деп убада кылган. Бүт үй-бүлөнүн чыгымын жабууга акчам жетеби же жокпу, билбейм. Ооба, бардыгына виза берилеби, бул дагы суроо», - деди депутат.

Теги

NDI

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн