Бугу 18, 2024
Убакыт: 08:10
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Маалымат мейкиндигин чектөө жакшылыкка алып келбейт, - журналист Исмаилова

25.06.2020 12:31
1043
Маалымат мейкиндигин чектөө жакшылыкка алып келбейт, - журналист Исмаилова


Маалымат мейкиндигин чектеп же жаап коюу туура эмес. Мындай пикирди журналист, жазуучу Ризван Исмаилова учурда кызуу талкууга айланып жаткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине комментарий берип жатып билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда коом өзүнүн көз карашын, өзүнүн пикирин билдирип турганга укугу бар. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө ушундай эркиндик бар.


Азыр эл өтө активдүү, алар саясатчылардын, депутаттардын, бийликтин ар кандай убадаларынан тажап бүткөн. Коомчулук учурда чыңалууда турган чагы. Бул мыйзамдын кабыл алынышы жакшылыкка алып келбейт. Себеби, элдин оозун жабуу, басуу жана сөз эркиндигин кысымга алуу деген түшүнүк. Болгондо да депутаттык ыйгарым укуктарынан пайдаланып туруп, кысмакка алуу болуп саналат. Адардын өз оюн эркин билдирүү кызыкчылыгына доо кетип жатат. Бардык жерде элдин көзөмөлү, сын пикири болуп турушу керек. Мына ушул нерсеге чек коё турган болсо, өтө жаңылыштык жана ката болуп эсептелет”, - деп билдирди журналист.


Ал белгилегендей, учурда депутаттар алып чыга турган мындан башка көйгөйлөр көп: аялдардын укугу, чек ара маселелери жана башка социалдык суроолор толуп жатат.


Ризван Исмаилованын пикиринде, бул мыйзам парламентте колдоо таап кетиши ыктымал. “Себеби, азыркы чакырылыштын депутаттары жоопкерчиликтен алыстап калгандай сезилет. Ошондуктан алардан баарын күтсө болот. Эгерде мыйзам өтүп кетсе, өтө уят болот. Анткени, бул мыйзамдын демилгечилери бардык маселелер көшөгө артында чечилишин каалап жатышат”, - деп кошумчалады Исмаилова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн