Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 06:04
USD
87.30
87.80
EUR
89.50
90.50
RUB
0.845
0.880

Маданият министрлиги “Жамийла”, “Жеңижок” тасмаларын тартат

15.12.2023 09:46
2106
Маданият министрлиги “Жамийла”, “Жеңижок” тасмаларын тартат


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тасма тартуу үчүн 35,2 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов билдирди.


Аталган суммага эки кино тартылат. Биринчиси — Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повестинин негизинде, экинчиси — ак таңдай акын Жеңижок Көкө уулунун бейнесин баяндаган "Жеңижок" тарыхый тасмасы.


Картиналарды жаратуу үчүн каражат 2024-жылдын республикалык бюджетине киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн