Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду

25.11.2020 13:56
5044
Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду


Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жолдоду. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.


Садыр мырза Башкы прокуратуранын колу менен мени жашыруун үгүт жүргүзгөн деген шылтоо менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракетиңиз өтө өкүнүчтүү кадам.


Сиздин алдыдагы шайлоодо өзүңүздүн жеңишке жетишиңизге күмөн саноо, санаркооңузду мен түшүнүп турам.


Албетте атаандаштардан кандай гана жол менен болбосун арылууну каалаап жатасыз. Азыртадан жеңиштен күмөн санай баштаганыңыз бул жакшы. Муну албетте мен каталыктарыңызды түшүнө баштаганыңыз деп кабыл алдым. Кыска убакыттын ичинде премьер-министр болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз колдонуп, көптөн бери кыйналып келе жаткан өлкөбүзгө дагы кыйынчылыктарды жараттыңыз. Албетте элди бир жолу алдоо мүмкүн, бирок аларды дайыма алдай албайсың.


2021-жылдын 10-январына чейин шайлоочулар сиздин чыныгы жүзүңүздү тааныйт. Бирок мен өзүңүздү ушунчалык ачык көрсөтүп жатканыңызга түшүнбөйм!?


Президенттикке талапкерлигин коём деп жарыялаган күндөн баштап сиз мамлекеттин эсебинен бүткүл өлкөнү кыдырып, убадаларын берешендик менен аткара турганыңызды айттыңыз. Бирок экономикалык, социалдык жана аймактык көйгөйлөр жана ар кандай форматта программаңызды сунуштай алдыңызбы? Мындан сиз өтө ыңгайсыз абалга туш болдуңуз.


Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сиздин иш-аракеттериңизге жана сөздөрүңүзгө баа берүүгө аргасыз болушат.


Мисалы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган адамдар кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.


"Россия 24" телеканалына берген маегиңизде кызмат үчүн күрөшүүгө даяр экениңизди айттыңыз. Эмне Конституция сиз үчүн жарлык эмеспи?


Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм. Урматтуу БШКнын мүчөлөрү! Эгерде Башкы прокуратуранын мага каршы даттануусун кароону чечсеңиз, анда менин бул кайрылуумду С.Жапаровго каршы арыз катары кароону суранам”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Чыныбек Куттукулов
Эл башчы деген ушундай , так дана сүйлөсө . Жапаров бийлик мансапты биринчиге койот экен . Адамгерчилик уят намысты кийинкиге койот экен . Мындай жол менен эч ким жакшы болгон эмес ! Адахан Мадумаров ар дайым адамгерчиликти , чындыкты мыйзамдуулукту биринчилике койуп , бир принципте туруп келет . Мадумаровту ак караны ажырата алган , уяты намысы барларган колдойт . Аман болсок убагы келгенде чындык ким тарапта экени билинет , бирок кээ бир адамдар чындыкты эч эле түшүнбөй койду .
Бакыт
АдахАМжан шакалдын фейк иттери, силер Садырды эл көтөргөнүн жакшы билесиңер, анда неге каңшылап атасыңар.
Чынара
Эң туура айтты,Садырды эл көтөрдү,эмне үчүн асылып,көрө албастык кылып келесиңер,эми эл шайлайт,акчанарага эч кимди сатып ала албайсынар
Баха
Кимиси болсо да,биз кошомат кылганды эмес,талап койгонду уйронолу туугандар,ким болсо да казанынарга аш салып бербейт.Кошоматты ашыкча кылып журуп,ажолордун баарын ажыдаар кылып алганбыз.
Гулгакы
Эн туура!!! Таза шайлоо откорууго коздору жетпей калды!!! Бийлик, баары бир бийликтигин кылып келген, кыла беришет!!!
Мамет
Адахан мырза сиздин кылып жаткан аракетиниз бекер эле САДЫР ЖАПАРОВ камалып жаткана дагы элим деп кыйкырып жатты сиз элге не кызмат кылдыныз панемия убагына элге не жардам кылдыныз эми тынч эле жатынысчы тамададан тажадык
Айбек
Алга Адахан мырза