Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 07:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду

25.11.2020 13:56
5032
Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду


Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жолдоду. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.


Садыр мырза Башкы прокуратуранын колу менен мени жашыруун үгүт жүргүзгөн деген шылтоо менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракетиңиз өтө өкүнүчтүү кадам.


Сиздин алдыдагы шайлоодо өзүңүздүн жеңишке жетишиңизге күмөн саноо, санаркооңузду мен түшүнүп турам.


Албетте атаандаштардан кандай гана жол менен болбосун арылууну каалаап жатасыз. Азыртадан жеңиштен күмөн санай баштаганыңыз бул жакшы. Муну албетте мен каталыктарыңызды түшүнө баштаганыңыз деп кабыл алдым. Кыска убакыттын ичинде премьер-министр болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз колдонуп, көптөн бери кыйналып келе жаткан өлкөбүзгө дагы кыйынчылыктарды жараттыңыз. Албетте элди бир жолу алдоо мүмкүн, бирок аларды дайыма алдай албайсың.


2021-жылдын 10-январына чейин шайлоочулар сиздин чыныгы жүзүңүздү тааныйт. Бирок мен өзүңүздү ушунчалык ачык көрсөтүп жатканыңызга түшүнбөйм!?


Президенттикке талапкерлигин коём деп жарыялаган күндөн баштап сиз мамлекеттин эсебинен бүткүл өлкөнү кыдырып, убадаларын берешендик менен аткара турганыңызды айттыңыз. Бирок экономикалык, социалдык жана аймактык көйгөйлөр жана ар кандай форматта программаңызды сунуштай алдыңызбы? Мындан сиз өтө ыңгайсыз абалга туш болдуңуз.


Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сиздин иш-аракеттериңизге жана сөздөрүңүзгө баа берүүгө аргасыз болушат.


Мисалы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган адамдар кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.


"Россия 24" телеканалына берген маегиңизде кызмат үчүн күрөшүүгө даяр экениңизди айттыңыз. Эмне Конституция сиз үчүн жарлык эмеспи?


Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм. Урматтуу БШКнын мүчөлөрү! Эгерде Башкы прокуратуранын мага каршы даттануусун кароону чечсеңиз, анда менин бул кайрылуумду С.Жапаровго каршы арыз катары кароону суранам”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Максатбек
Жапаров кайра түрмөгө кирет ушул кылып жаткан иштери үчүн
Азамат
Эми каралоо башталды да кыскасы.Адахан ага президент болууга эн татыктуу талапкер.
БИН.
Эн туура жуйоо! Эл журт татыктуу, билимдуу жигиттерди колдойлу. Адахам Мадумаров ошондой жигиттердин бири!
Аылбек
Мадумаров эн татыктуу,даяр бышкан кадр.Ойлонгулачы
Таа
Еч нерсе таппай Мадумаровго ушуну тааптыр да.Бут тоскондордун орду азыр каерде екенин билгиле.