Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду

25.11.2020 13:56
4980
Мадумаров Садыр Жапаровго чукул кайрылуу жолдоду


Президенттикке талапкер, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылуу жолдоду. Мадумаров кайрылуусунда БШКга Башкы прокуратура жиберген материалдын артында Садыр Жапаров турарын билдирген.


Садыр мырза Башкы прокуратуранын колу менен мени жашыруун үгүт жүргүзгөн деген шылтоо менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетүү аракетиңиз өтө өкүнүчтүү кадам.


Сиздин алдыдагы шайлоодо өзүңүздүн жеңишке жетишиңизге күмөн саноо, санаркооңузду мен түшүнүп турам.


Албетте атаандаштардан кандай гана жол менен болбосун арылууну каалаап жатасыз. Азыртадан жеңиштен күмөн санай баштаганыңыз бул жакшы. Муну албетте мен каталыктарыңызды түшүнө баштаганыңыз деп кабыл алдым. Кыска убакыттын ичинде премьер-министр болуп, өлкөнүн президентинин ыйгарым укуктарын мыйзамсыз колдонуп, көптөн бери кыйналып келе жаткан өлкөбүзгө дагы кыйынчылыктарды жараттыңыз. Албетте элди бир жолу алдоо мүмкүн, бирок аларды дайыма алдай албайсың.


2021-жылдын 10-январына чейин шайлоочулар сиздин чыныгы жүзүңүздү тааныйт. Бирок мен өзүңүздү ушунчалык ачык көрсөтүп жатканыңызга түшүнбөйм!?


Президенттикке талапкерлигин коём деп жарыялаган күндөн баштап сиз мамлекеттин эсебинен бүткүл өлкөнү кыдырып, убадаларын берешендик менен аткара турганыңызды айттыңыз. Бирок экономикалык, социалдык жана аймактык көйгөйлөр жана ар кандай форматта программаңызды сунуштай алдыңызбы? Мындан сиз өтө ыңгайсыз абалга туш болдуңуз.


Эми Борбордук шайлоо комиссиясы сиздин иш-аракеттериңизге жана сөздөрүңүзгө баа берүүгө аргасыз болушат.


Мисалы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган адамдар кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.


"Россия 24" телеканалына берген маегиңизде кызмат үчүн күрөшүүгө даяр экениңизди айттыңыз. Эмне Конституция сиз үчүн жарлык эмеспи?


Өлкөнүн президенти ким болорун БШК эмес, аны эл чечиши керек деп эсептейм. Башкы прокуратура жашыруун ызы-чуудан баш тартып, чынчылдык менен иштөөсүн сунуштайм. Урматтуу БШКнын мүчөлөрү! Эгерде Башкы прокуратуранын мага каршы даттануусун кароону чечсеңиз, анда менин бул кайрылуумду С.Жапаровго каршы арыз катары кароону суранам”, - деп айтылат аталган кайрылууда. 

Пикирлер (25)

Коопсуздук коду
Мухамет
А. М сиздин эс алсаныз жакшы болмок депутат болуп эле журоберсениз Эл колдогон Садыр Жапаров
Ильяс Муратбеков
Адахан шумшук Кулкуну келтирбечи. Акмак адашкан корсом бетине тукурот элем. Садыр элдик президент. Садырга каралоонду токтотпосон деле эл Садырды билет ак адам экенин.
Ырысбек
Адахан эч уялбайт экенсиң бүгүнкү айтканды эртең таңып чыгып кетет экенсиң сен колдон келген каралоо жүргүзүп жатасың элибиз ишенбей калды го өзүңдү канчалык төмөндө турганыңды сезип эле турасың кыйын болсоң айткан сөзүңдү базарга барып айтып көрчү эгерде базар колдоп кетсе мурдумду туурасынан кесип берейин шакал экенсиң...
Иматбек
Садыр Жапаров учурда (жаманбы жакшыбы) мыйзамды озу бузуп жатат, Эгер озуно ишенсе ушул мыйзам менен эле барып, Президент болгон сон азыркы ишин жасаса болмок,
Шайыра
Тилине тибиртке чыксын,шакал деген озу шакал болуп эсептелет.Кыргыз эли в.т числе сен уктап жатканда чындыкты чыркыратып айтып ойготкон именно МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ, а Садыр даяр ашты уурдап жеп жатат.Колдосон жон эле колдой бер Адахан мырзага асылбай, сен колдобосон, кудай берген колдоочулары бар,сага и базардагы малдарга муктаж эмес Адахан мырза.
Шамшар Акимбеков
Алга АКМ сизди колдойм!
Узбеков Исламбек Махмадалиевич
Эл башчы Мадумаров