Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:53
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мадумаров эмне үчүн шайлоочуларга бирдей мамиле жасабайт?

04.01.2021 14:39
831
Мадумаров эмне үчүн шайлоочуларга бирдей мамиле жасабайт?


 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Адахан Мадумаров жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүүдө. Жолугушууларын анын колдоочулары социалдык тармактар аркылуу бөлүшүп, Мадумаровду болушунча айга-күнгө теңеп, жарнама кылууда. Адахан Кимсанбаевич болсо шайлоо алдындагы программасын тааныштыруунун ордуна ар кимге асылып, атаандашы болгон айрым талапкерлерди жамандоо менен убара. 


Эң кызыгы Адахан мырза шайлоочулар менен жолукканда баткендиктерге гана басым жасап жатат. Ал үгүт өнөктүгүн Лейлек районунан баштап, аталган аймактагы эң четки Кулунду айылына чейин барып, бир-эки күн түнөп калганы да айтылды. Андан сырткары Баткен районунда бир канча күн жүргөнү белгилүү. Жаңы жылдын астында жана андан кийин Чүй облусундагы эл менен жолугушуу өткөргөн Мадумаров баткендиктер байыр алган аймактарга гана каттап жатат. Маселен, жакында эле анын Сокулук районундагы жолугушуусуна да көпчүлүк ички миграциянын айынан жер которгон лейлектиктер катышканы чынбы? Аламүдүн районуна караштуу Васиевка, Карл Маркс айылдарында да баткендиктер басымдуу экенин билген Адахан Кимсанбаевич күндүн суугуна карабай аларга бардыбы? Элде күнөө деле жок. Бирок, жолугушуусун тандалма өткөргөн Мадумаровду кандай түшүнсө болот? Эмне үчүн ал Нарынга, Таласка, Ысык-Көлгө барган жок? Жалпы улуттук лидер болгусу келип шайлоого аттанган саясатчынын ушундай аракеттери канчалык натыйжа берет? Же ал өзүн баткендиктерден башкалар колдоруна ишенбейби?


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тав
Тапканынар Мадумаров.А жонокой жигит неге теледебатка келип елге чыкпайт,баары шарт катышканга.Елди тоотпогонубу,ошол жонундо неге айтылбайт?