Активист Максат Касенов 2017-жылы болгон окуя үчүн кармалган. Бул тууралуу ал 6-октябрда Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барган акыйкатчы Токон Мамытовго билдирди.
«Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган болчу, ушул учурга чейин эч ким арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Эмне себептен төрт жыл мурдагы ишти кайра козгоп жатышканы түшүнүксүз», - деди ал укук коргоочуларга.
Касенов кармалышы анын саясий ишмердүүлүгү жана Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен байланыштуу деп эсептейт.
Булак: Баракелде
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн