Теке 27, 2024
Убакыт: 10:16
USD
EUR
RUB

Максатым Марк Диакезини сабоо, кысымга алуу жана сындыруу, - Физиев (видео)

17.07.2020 13:18
901
Максатым Марк Диакезини сабоо, кысымга алуу жана сындыруу, - Физиев (видео)

 

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 19-июлда орун алуучу беттеши тууралуу UFC уюмунун Россиядагы өкүлчүлүгүнө кыскача маек берди.


Анда спортчу максаты жеңиш гана экенин жана жакшы даярдыкта келгенин, кеченин мыкты беттешин өткөрүүгө аракет кыларын айткан.


“Экөөбүз тең үстөмдүк кылуу болсо керек. Жеке мен ашыкча сабоо, кысымга алуу жана сындыруу деген максатта келдим.


Салмак таштоо эң жакшы өттү. Соңку эки күндө ар кандай түшүнүксүз чөп-чарларды жей берип өзүмү жаныбар элестетип калдым, салмагым өз ордунда”, - деди Физиев.


Белгилей кетсек, 27 жаштагы “атаман” UFC FIGHT NIGHT турнирине катышуу үчүн Мушкерлер аралына барды. Спорт эксперттери Рафаэль Физиев мындай күчтүү атаңдаш менен буга чейин кез келе элек экенин айтышууда.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн