Евразия Экономикалык Биримдигинин келишимине ылайык Казакстан Кыргызстандан өтө турган жүктү текшербеш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, Казакстан Кытайдан чыккан жүктүн баарын өздөрүнөн алып өтүүнү каалайт.
"Казакстан Кытайдын товарын жалаң өзүнүн чек арасы аркылуу өткөрүүнү каалайт.
ЕАЭБдеги келишимге ылайык казак тарап Кыргызстандын өткөн жүктү текшербеш керек. Эгер мындай мамиле улана берсе сууну жабыш керек",- деди депутат Маматалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн