Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков 30-июндан тарта расмий түрдө Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына министр болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамытканов бажы кызматташтыгы боюнча министр болсо, Асанбеков энергетика жана инфраструктура тармактарына жооп берет. Алардын талапкерлиги май айында жактырылган.
Мамытканов бул кызматка Олег Панкратовдун, Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна барды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн