Жогорку евразиялык экономикалык кеңеши (ЕАЭБ мамлекеттеринин лидерлери) Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясына Кыргызстандан эки жаңы мүчө дайындады. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, ЕЭК менен бажы тармагы боюнча кызматташуу министри болуп Олег Панкратовдун ордуна Максат Мамытканов дайындалды. Ал эми ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри болуп Эмил Кайкиевдин ордуна Темирбек Асанбеков барды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн