Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекетибиз 30 жыл ичинде бир көзгө толумдуу бир имарат курдукбу?

12.03.2021 10:18
664
Мамлекетибиз 30 жыл ичинде бир көзгө толумдуу бир имарат курдукбу?


"Айткандын оозу жаман, ыйлагандын  көзү жаман!" болбоюн. Калп айткан менен болобу, кайра-кайра ыңкылап деп жатып "ычкыр" байлаганга жип таппай, дамбалыбыз шыпырылып, көчүктүн кайкысында араң илинип, ачасы көрүнүп турганын кантип танабыз! Урматтуу, жанакы "күлтүгү жоктоор" уккулачы, Мамлекетибиз 30 жыл ичинде бир көзгө толумдуу бир имарат курдукбу? ...Жок? Башканы айтпай эле койоюн, четтен келген президенттерди заманга ылайыктуу тосуп алчуу залыбыз жок. Казак баурлардын Астанасын шүк коюп, мына ала допу досторубуздун, улуттук колоритте жасалган меймандарды тосуп алуучу жайын эле карап койгулачы. Ич күйөт! ...Мына эми, жаңыдан мурунку "жабыла башкаруу", системасынан кутулуп, бардык жоопкерчиликти президент жеке өз башына алып, ишке эми киришейин деп жатса да кайрадан, демократияны эстеп, көрүнгөн былжырак терминдерди чыгарып, капталдан чыккан туура чабар, үзөнгү ыргыткычтар көбөйдү. Урдум мен, ушул силердин, ушуга чейинки мурдунан чүлүктөп жетелеп келген "дермократияңарды". Кана эмнебиз кыйын болуп асмандап кеттик, жалаң балчыкка тыгылгандан башка эмне таптык. Кана..? Менин көзүмө сайып көргөзүп койгулачы!? 


... Ой тобоо, көчөөгө кыйкырып чыгышса эле, "кийинки президент мен болом" деп кыялданышат окшойт. Эл азыр башка, эл баарыңарды, кимдин кимдигин эчак билип бүткөн! Үзөнгү ыргыткычтар токтоткула, туурадан чыкканыңарды... Эл менен болгула! Болду мамлекеттин ар-намсын ойлогула! Өнүгүү жолуна чогуу бир кетеличи... НАМЫСТАНАЛЫЧЫ.


Мурат Жетимишбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн