Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген. “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кармалды

03.02.2022 13:18
862
Мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген. “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кармалды

 “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди


УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканаларда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктады.


2020-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 миллион 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. 


Бирок, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлиги) кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.

 

  Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ырасталды.

 

  Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталды.  

 

  Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 2-февралында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору “А.А.” кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштер жүргүзүлүүдө жана келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн зарыл болгон аудитордук текшерүүлөр белгиленди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн