Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мамлекеттик кызматкер "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын кызыкчылыгы үчүн иштегени аныкталды

19.11.2021 16:45
718
Мамлекеттик кызматкер "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын кызыкчылыгы үчүн иштегени аныкталды



УКМК тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин пайдасына үгүттөөлөрдү аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары көрүлүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 10-ноябрында КР УКМК кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы “С.А.О.” тарабынан “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан талапкер “М.Т.А.нын” пайдасына үгүт иштерин жүргүзүү фактысын аныктап, тиешелүү чараларды көрүү максатында Базар-Коргон районунун ИИБ жана Тез жооп берүү координациялоо тобунун кызматкерлерине бул факты боюнча материалдарды өткөрүп беришти.


Базар-Коргон райондук ИИБ бул фактыны 2021-жылдын 10-ноябрында маалымат журналына каттаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында “С.А.О.” тарабынан үгүттөө фактылары тастыкталган, бирок, КР Жоруктар жөнүндө кодексинин 87-беренесинин 2-бөлүгү боюнча текшерүү аракеттери токтотулган. 


  Ошону менен бирге Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон филиалынын башчысына “С.А.О.” «катуу сөгүш» тартиптик жазасын жарыялады. 


КР УКМК алдыдагы КР Жогорку Кеңешине шайлоону укуктук талаанын алкагында өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө максатында, ведомство алдыдагы шайлоолордо ачык-айкындуулукту жана тазалыкты камсыз кылуу боюнча зарыл чаралардын комплексин көрүүдө.


КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек ш.), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:  


• Чуй облусу: (0312) 54-07 19:


• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;


• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;


• Ош облусу: (03222) 2-30-78;


• Талас облусу: (03422) 5-20-43;


• Баткен облусу: (03622) 5-00-33. 


• Нарын облусу: (03522) 5-08-49;



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн