Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө мыйзам долбоорунун авторун териштирүү учурунда ката кимден кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, депутат Жусупбек Коргонбай уулунун жардамчысы ката кетирген.
Буга чейин депутат өзү анын атынан коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, артка кайтарып алган. Ошондой эле депутат ал мыйзам долбоорунун демилгечиси эмес экендигин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн