Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:00
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик органдар үчүн 10-май иш күн деп жарыяланды

09.05.2020 15:37
1144
Мамлекеттик органдар үчүн 10-май иш күн деп жарыяланды


Эртең, 10-май - айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу кызматтары үчүн иш күн. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө, экономикалык багыттагы иштерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды ыкчам кабыл алуу максатында кабыл алынды. 

Ушул документтин негизинде жана Эмгек кодексине, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө", " КР ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдарына, "КР өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча) үчүн 2020-жылдын 10-майы иш күнү деп белгиленет;

- Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери тез арада 2020-жылдын 10-майы иш күнүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо керек. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн