Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Манас” аэропорту 38 милиция кызматкерине айлык берүүнү токтотту

04.04.2020 14:52
809
“Манас” аэропорту 38 милиция кызматкерине айлык берүүнү токтотту


“Манас” эл аралык аэропорту коомдук тартипти сактоо милдетин аткарган 38 милиция кызматкерине 1-апрелден тартып каржылоону токтотту. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.  


Маалыматка ылайык, министрликке «Манас Эл аралык аба майданы» ААКсынын жетекчилиги атайын кат жиберген. Анда Эсеп палатасы «Манас Эл аралык аба майданы» ачык акционердик коомунун каржылык-чарбалык иштерин текшерип чыгып, ИИМдин Аба транспорттук милициясын негизсиз каржылап жатканы тууралуу эскертүү берген. Ошол себептен аэропорто коомдук тартипти сактоо милдетин аткарган милиция кызматынын 38 кызматкерин каржылоону 2020-жылдан 1-апрелден тартып токтотконун ИИМге кабарлаган.


Ички иштер министрлиги 38 кызматкер мекеменин кадрлар бөлүмүнүн карамагына алынганын жана аларга тиешелүү иш орундары сунушталарын маалымдады. Мыйзамга ылайык эки ай ичинде мурдагы айлыктары сакталары айтылат маалыматта. 


Ошондой эле маалыматта учурда "Манас” эл аралык аба майданында коомдук тартипти сактоо багытындагы милициянын ишмердүүлүгү токтотулбаганы,  мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы айтылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн