Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушту

12.01.2024 11:04
1791
Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушту


Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келип, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен жолугушту. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына билдирди.


«Кыргызстанга келип, сиздер менен учурашканыма кубанычтамын. Көрүнүп тургандай, Камчыбек Кыдыршаевич менен жолугушуп, улуттук баалуулуктар, улуттук идеология жана “Манас” эпосун жайылтуу боюнча баарлаштык”, - деп жазган Дөөлөт Сыдыков.


Манасчынын айтымында, ал Камчыбек Ташиевден Манасты эл баатыры, улуттун жүзү катары даңазалоо керектигин угуп кубанган.


«Ал буга чейин эстелик коюлбаган 3 областка (Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад) Манас баатыр эстелигин курууну колдоп, иш башталаарын билдирди”, - деп жыйынтыктады Дөөлөт Сыдыков.


Эске салсак, былтыр апрель айынын аягында «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу учурунда жумушчулар «Манас айылы» этникалык комплексинин тосмосунун бир бөлүгүн бузуп, анын 5 сотых жерин алышкан. Комплекстин директору манасчы Дөөлөт Сыдыков анын чек арасын коргогон. Ал президенттик администрацияны жана Садыр Жапаровдун тегерегиндегилерди сынга алган. Бир канча убакыт өткөндөн кийин Манасчы кызматтан бошогондугун жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.


Белгилей кетсек, “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекет башчынын администрациясы үчүн жаңы имарат курулуп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн