Бишкектеги “Манас айылынын” башчысы, манасчы Дөөлөт Сыдыков жумуштан кетүү тууралуу арыз жазып, өзү үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Сыдыков "Азаттык" радиосуна билдирген.
Манасчы кайсы өлкөгө кеткенин жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Ошондой эле "кысым болду" деген маалыматтар чын экенин билдирип, ким, эмне себептен кысым кылганын тактаган эмес.
"Жумушту өткөрүп бердим. Кетүүгө туура келди", - деп жазды Сыдыков.
Буга чейин манасчы өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат социалдык тармактарга чыккан.
Булак: "Азаттык" үналгысы
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн