Бүгүн, 5-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мангыстау жана Алматы облусунда өзгөчө абал жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, коменданттык саат кечки 23:00дөн таңкы 07:00гө чейин киргизилди. Өзгөчө абалга байланыштуу Мангыстау жана Алматыга кирип-чыгуу чектелет. Укук коргоо органдары жарандардын өздүк документтерин жана унааларын текшерет.
Массалык түрдө чогулууга тыюу салынат. Өзгөчө абал 19-январга чейин созулат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн