Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 11:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Марипов күз-кыш мезгилине суук түшкөнгө чейин даяр болууну тапшырды

16.09.2021 13:54
808
Марипов күз-кыш мезгилине суук түшкөнгө чейин даяр болууну тапшырды


Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинетинин төрагасы Улукбек Марипов күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.


Кеңешменин жүрүшүндө экономика тармактарынын жана калктын алдыдагы жылытуу мезгилине карата даярдыгы маселеси талкууланды.


Тармактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, күз-кыш мезгилинде социалдык жана бюджеттик тармак объектилеринин туруктуу иш алып баруусуна карай даярдыктын жүрүшү боюнча маалымат беришти.


Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине белгиленген мөөнөттө даярдык көрүү жана андан сапаттуу өтүү үчүн бардык көйгөйлүү маселелерди суук түшкөнгө чейин иштеп чыгууну талап кылды.


«Билим берүү, медицина, маданият жана башка социалдык мекемелердин жылытуу тутумдарын оңдоону каржылоо маселесине өзгөчө басым жасоо керек. Министрлер Кабинетинин маанилүү милдеттерини бири – калкты көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо. Бүгүнкү күнү республика боюнча 600гө жакын көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Каалаган адам жеткиликтүү баада көмүр сатып алуусу үчүн мындай кошумча пункттарды ачуу маселесин иштеп чыгуу зарыл. Көмүрдү өз убагында камдап алуу электр тармагына карата жүктөмдү төмөндөтүүгө жана орнотулган лимиттерди карманууга мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Улукбек Марипов.


Ошондой эле ал мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кышка карата даярдык үчүн жеке жоопкерчилигине басым жасады, алдыга коюлган милдеттер аткарылбаган учурда тийиштүү чаралар көрүлөт.


Министрлер Кабинетинетинин Төрагасы штабдын жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо жана Токтогул суу сактыгычындагы суунун топтолушу үчүн чаралардын топтомун аткаруу, Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын ишке киргизүү, энергетикалык объектилердеги учурдагы жана капиталдык оңдоолорду жыйынтыктоо, электр энергиясын импорттоону өз учурунда каржылоону камсыздоо маселесин иштеп чыгуу, Ош шаарындагы жылытуу станциясына өз учурунда мазут жеткирүү зарыл.


Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБди, социалдык жана бюджеттик мекемелерди жана калкты тийиштүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо зарыл. Ага катар калк арасында электр эенергиясын пайдалануу лимитин сактоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн