Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мариповдун текшерүүсүнөн кийин "Сосновкадагы" бир катар кызматкерлер иштен алынды

15.06.2021 09:40
2519
Мариповдун текшерүүсүнөн кийин "Сосновкадагы" бир катар кызматкерлер иштен алынды


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун "Сосновка" постундагы күтүүсүз текшерүүсүнөн кийин 2 чиновникке эскертүү берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 14-июндагы буйрук менен кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарбагандыгы үчүн 2 жетекчиге эскертүү берилди. Алар:


- Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Турганбаев Алмаз Абдылдаевич;


- Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Автоунаа, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Айтиев Шухрат Анварович.


Ошондой эле Транспорт жана коммуникация министрлигинин буйругу менен Автоунаа, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун орун басары жана "Сосновка" постунун эки кызматкери (башкы инспектор менен улук инспектор) ээлеген кызматтарынан алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн